Чүйдө терроризмди каржылоо максатында жасалма чет элдик валюта чыгаруу жана аны сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Терроризмди каржылоо максатында жасалма чет элдик валюта чыгаруу жана аны сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январь күнү Чүй облусунун аймагынан У.Ж.М. жана К.Ы.Ш. аттуу эки жаран кармалган. Алардын жанынан 56 миң АКШ доллары табылган. Ал акча каражаттары өлкө аймагына Түркиядан алынып келингени жана жасалма экени аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Оперативдүү маалыматтар боюнча, жасалма акчанын өлкөгө киришине Стамбулда жүргөн Мансур Суванов жана Ильяз Сабировдун катыштыгы бар. Сабиров 2016-жылдын 30-августундагы Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип, эл аралык издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2017-01-25 11:38:43
Эрдоган жонотсо керек Кыргызстандын тынч жащап жатканын коро албаай
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-25 12:30:53
Shekeev969798,койчу ай
-2
guli-1980
2017-01-25 13:34:47
Shekeev969798,куло берип ичим эзилип калды. Мумкун Бакиев куноолуу
+1
Nur1k
2017-01-25 15:17:05
Shekeev969798, жазат десе эле жаза бересинби ХХХ? Бакиев же акаев десен да тан калбайм сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан