Жалал-Абад шаарынын тургуну ири өлчөмдөгү ок-дарылар менен кармалды

Жалал-Абад шаарынын тургуну ири өлчөмдөгү ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 19:00 чамасында 45 жаштагы А.П. мас абалда кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан АКС-74 жана АКМнын октору табылган. Ошондой эле ал ок-дарылар катылган жерди да көрсөтүп берген. Жалпы 5,45 калибриндеги 648 жана 7,62 калибриндеги 15 даана ок-дары табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2017-01-25 14:52:34
Военный частан чыккан октор экен жакшылап караананар ящикти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан