Италияда кар көчкү алдында калып каза болгондордун бардыгынын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза болгон 29 адамдын сөөгү табылып, издөө иши токтотулду. Кечээ, 25-январда каза болгондордун саны 18ге жеткен. Дайынсыз болуп жаткан 11 адамдын жансыз денеси 26-январга караган түнү табылган.
Эске салсак, 18-январь күнү Гран-Сассо тоолорунда жер титирөө катталып, анын кесепетинен кар көчкү жүргөн. Тоого жакын жайгашкан мейманкана кар көчкүнүн алдында калган. Кар көчкү алдында калган 9 адам, кырсык учурунда сыртка чыгып кеткен 2 адам аман калган.