Мексикадагы пиротехника саткан базардагы жарылуудан улам каза тапкандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда кырсыктан жабыркап, ооруканада жаткан 70 жаштагы аял каза болду.
Эске салсак, 2016-жылдын 20-декабрында Мексикадагы Тультепек шаарында пиротехника саткан "Сан-Паблито" базарында жарылуу болуп, натыйжада ири өрт чыккан. Жарылуу болгон учурда базарда 2 миңге жакын адам жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 72 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алып, ошол жерден 20 адам каза болгон. Калгандары ооруканадан көз жумду.