Бишкекте 1 автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда Тоголок Молдо-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц 211Е үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгышына унаанын электр жабдууларын туура эмес колдонуу себеп болгон.
Маалымат үчүн: Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.