Бишкекте 42 жаштагы жаран 25 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1992-жылы милиция формасын кийген жаран Бишкек шаарынын “Орто-Сай” базарында сатуучу аялга өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, тамеки берүүсүн талап кылган. Бул кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Айбек Жакыпов кармалган, бирок ал соттон качып жүргөн. Мындан улам аны сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. 2016-жылдын январь айында Октябрь райондук прокуратурасы Жакыповду издөө үчүн ишти Октябрь РИИБине өткөрүп берген. 2017-жылдын 25-январында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Айбек Жакыпов колго түшкөн.