Нарында өспүрүмдөр ортосунда чыр чыгып, 9-класстын окуучусу бычактан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 24-январь күнү саат 00:30 чамасында Нарын ШИИБине "Тез жардам" кызматкери тарабынан өспүрүмгө белгисиз адамдар бычак сайып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
"16 жаштагы У.Ж. аттуу 9-класстын окуучусу менен 17 жаштагы эч жерде окубаган Т.Т. аттуу бала уруша кетишкен. 9-класстын окуучусун Т.Т. оң бутунун сан тарабына бычак менен сайып жиберген. Натыйжада жабырлануучу Нарын облустук аймактык ооруканасына жаткырылган. Бул фактынын негизинде ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Т.Т. кылмыш куралы катары колдонулган бүктөмө бычакты көмөк чордондун үстүнө ыргытып жиберген. Ага “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүүдө", - деп айтылат ИИмдин маалыматында.