Ош шаарында адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-январь күнү эртең менен Ош шаарындагы №5-үй менен №7-үйдүн ортосунан киши колдуу болуп өлгөн жарандын жансыз денеси табылган. Анын баш сөөгү жабыркап, кулагынан жана мурдунан кан куюлуп кеткен. Маркумдун туугандарынын айтымында, жумуш издейм деп үйдөн чыгып кеткенине бир жумадай болгон.
Бул кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган Ж.Б. 25-январь күнү Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал өз түшүндүрмөсүндө арак ичип отурушуп уруша кетишкенин жана аны бөтөлкө менен башка чапканын айткан.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.