Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыктын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов катышты.
Анда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов авиакырсыктан улам келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 186 миллион сомдон ашуун каражатты түзөрүн билдирди.
"Бүгүнкү күндө 26 турак жай жашоого жараксыз деп табылган. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бригадалары жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү авиакеросин төгүлгөн жерде тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда учактын калдыктары толугу менен чыгарылган жана таштандылар тазаланууда", - деди Боронов.