Сузак районунда жер көчкү жүрүп, 2 турак үйдү жана 2 жылкыны басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-январь күнү саат 16:20 чамасында Сузак районундагы Сары-Булак айылында жер көчкү жүргөн. Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок.