Ооганстандын түндүгүндөгү алыскы райондордо сууктан 27 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаузжан чөлкөмүнүн губернатору Рахматулла Хашардын 26-январь күнү журналисттерге берген маалыматына караганда, ал жакта абанын температурасы -10 градуска чейин төмөндөп кеткен. Жарым метр кар жаап салгандыктан, жолдор буулуп, алыскы айылдардын тургундары ооруканаларга бара албай калышкан. Губернатордун айтымында, сууктан көз жумгандардын көпчүлүгү 5 жашка чыга элек балдар болгон. Ошондой эле курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтты.
Ал инфраструктуранын жоктугунан айрым аймактарга жардам жеткирүү өтө оор болуп жатканын кошумчалады.