Белгисиз бирөөлөр ырчы Аваз Акимовдун унаасынын терезесин талкалап, андагы уюлдук телефонду алып кетишкен. Окуя кечээ, 25-январда болгон. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчы бүгүн, 26-январда кабарлады.
"Өзүм Бишкектеги 8-кичи райондо 4 жылга жакын убакыттан бери жашайм. Кечээ унаамдын терезесин талкалап, андагы уюлдук телефонду алып кетишиптир. Баалуу буюмдар жок болчу, акча же башка буюмдарды калтырбайм деле. Милицияга арыз жазган жокмун. Мен унааны койгон жерде башка унаалар көп болчу. Алардыкына тийбей, менин унаамдын терезесин талкалаганы кызык", - дейт ырчы.