Сокулук районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-январь күнү Сокулук РИИБинин кызматкерлерине Күн-Туу айылынын тургуну арыз менен кайрылып, малын кайтарып жүргөн Мирбек аттуу бала бир баш коюн сатып жибергенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 32 жаштагы Нарын облусунун тургуну М.М. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maratik.0708
2017-01-27 10:16:13
Жакшы иш эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан