Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, кечээ, 26-январда саат 18:50 чамасында Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 2 адам каза болду. Алардын жансыз денелери өлүк сактоочу жайга жеткирилген.