Кара-Кулжа районунда өспүрүм кыз көз жарды

Кара-Кулжа районунда "жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү саат 20:50 чамасында Кара-Кулжа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө 2000-жылы туулган А.А. аттуу кыздын көз жарганы айтылган. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.

"Кыздын айтымы боюнча, 2016-жылы Ош шаарында 1997-жылы туулган Ы.У. аттуу бала менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Кийин өз каалоосу менен жыныстык катнашта болуп жүргөнүн билдирген. Ал эми 2016-жылдын 10-ноябрь күнү баш кошушуп, үйлөнүү тою өткөн", - дейт Ашырбаев.

Ошондой эле Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын жана аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (54)
alhamdulillah
2017-01-27 22:10:58
17 жаш жакшы мындан 3 жыл мурун 13 жашар кыз торогон бир палатада жатканбыз .
+1
Bubu88
2017-01-27 22:31:13
Жаш кыздарга ыйман берсин макул эми байкуш кыздын баласынын өмүрүн берсин а дейсинерби бул дейсинерби болоор иш болду
-3
ALI2012
2017-01-27 22:54:20
Эн негизгиси бактылуу болушсун.
+1
KG.Kushtarbek
2017-01-27 23:29:57
Охо
-1
aidar.5115
2017-01-27 23:32:43
ei 4uruldabai jatkyla.
0
tuigan.
2017-01-27 23:52:16
Тооба кылдым дегиле айтышпай.Азыр баарында эле кыз бар.тообо.тообо
+1
Nevestkaa
2017-01-28 02:04:58
17жашында төрөптүр эмнеси бар экен никеси да бар экен кеч болсо да,оооооо са.....н кыздары 15-16жашында деле тийип төрөйт неге аларды тергебейсиңер.Мен да ойлопмун 12-13жашар кыз төрөгөнбү деп.
0
aiturgan9810
2017-01-28 02:11:37
Азыр мындай коп эле болуп атат,тан калыштын деле кереги жоок.
-1
Lili
2017-01-28 06:18:56
Кочодогу бекерчи аялдардын ушагы гоо, ХХХ ХХХ, 17 жаштагы келин экен, жаштык кылып коюптур, бала толук уй булоодо торолдуу, дагы эмне кереги бар, чыкулап, тим эле преступник кармагансып...
0
admin_superstan
2017-01-28 09:15:29
Lili, порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_superstan
2017-01-28 09:13:19
panda7, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
megaton80
2017-01-28 10:48:05
Менин авсыным 15жашында тийип 16да тороду азыр озу 21жашта эки баласы бар чону 5жарым жаш болуп калды!!!Бирок ошол жаш тийгенин зыяны тийдиби ооруп былтыры куздо бул дуйно менен коштошуп кете берди
-2
Bubu88
2017-01-28 14:53:33
Бул жерде оозун толтуруп сындап отургандар тооба кылып кызынарга ыйман жакшы келечек тилегиле. Бирөөнү сөз кылып сындаардан мурда арканды 15 метр алыс таштагыла кулгонго куло жетем деген сөз бар
0
admin_superstan
2017-01-28 16:29:06
Mavlyuda, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган, порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-1
odin-takoy
2017-01-29 15:34:41
17 тороптур тойу болуптур. 113 14 15 жашында бойунан канча кыз алдырып жатат ыкчам иликтегичтер ошолорду иликтесин. Бироонун семьясына тийбесин эми
+1
Almagul.akylbekova
2017-01-29 20:24:17
Чындыгында бул эрте турмушка чыккан бирок апасынын торундо отуруп торободуго неси болсода куйооосу бар никеси бар туура,бул ыкчам топ мындайларды эмес авария жана дагы куноосуз адамдарды куноолу кылбастан ошолорду актаса жакшы болмок,коркутуп уркутуп моюнуна алдырбай демекмин,озу негизи милисия мушташып каза тапты муунуп каза тапты дегендердин жанына учуп эле барып калат тооба,жардамга муктаж адамдарга болсо кырына чыгып куноолойт аларды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан