Чүй облусунда тургунга бычак такап, үйүнөн баалуу буюмдарын алып кеткендер кармалышты

Чүй облусунда тургунга бычак такап, үйүнөн баалуу буюмдарын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 25-ноябрь күнү саат 05:30 чамасында белгисиз адамдар Новопавловка айылынын тургунунун үйүнө киришкен. Алар күч колдонуп, үйдүн ээсин бычак менен коркутуп, 60 миң сом акчасын жана кымбат баалуу буюмдарын алып кетишкен.

"Жабырлануучу укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. 26-январда кылмышка шектелип 26 жаштагы К.А., 25 жаштагы Т.О. жана 30 жаштагы С.Н. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалышты. Алар Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2017-01-30 10:56:11
UurulAr jamango
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан