Чүй облусунда сатуучуларды сабап, кассадан 40 миң сом алып кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 22-декабрь күнү саат 22:18 чамасында Аламүдүн айылындагы дүкөндө болгон. Анда белгисиз үч адам сатуучуларды сабап, кассадагы 40 миң сомду алып кеткен.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, "каракчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатканын айтышты.