Мындан 38 жыл мурун, 1979-жылы 30-январда Токиодон учуп чыккандан жарым сааттан кийин Боинг 707-323 С жүк ташуучу учагы Тынч океандын аймагында жоголуп кетип, табылбай калган. Учактын бортунда 6 киши болуп, Рио-де-Жанейро шаарына бара жаткан. Бул реактивдүү учак менен болгон окуя авиациянын тарыхындагы табышмактуу окуя катары калган. Учак белгилүү япониялык-бразилиялык сүрөтчү Манабу Мабенин 153 картинасын ташып бараткандыгы айтылган. Алардын жалпы баасы 1 миллион 240 миң долларды түзгөн.
30-январга карата жылнаама.