Мындан 72 жыл мурун, 1945-жылы 30-январда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Балтика деңизинде советтик суу астында жүрүүчү С-13 кемеси Германиянын "Вильгельм Густлофф" жүргүнчү ташуучу суперлайнерин чөктүргөн. Расмий маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 5348 адам каза болгон. Ал эми айрым тарыхчылар каза тапкандардын саны 9 миңден ашканын айтып келишет. Куткаруучулар кемедеги 1200 адамдын өмүрүн сактап калууга жетишкен.
30-январга карата жылнаама.