Бишкекте 22 жаштагы кыз уурулукка шектелүүдө

Бишкекте 22 жаштагы кыз уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБинин кызматкерлерине 23 жаштагы А.К. кайрылган. Анда ал 28-январь күнү саат 19:00 чамасында 7-кичи райондо жайгашкан "Империя пицца" тамактануучу жайынан белгисиз адам капчыгын уурдап кеткенин айткан. Анын ичинде паспорту жана акча каражаты болгон.

Арыздын негизинде ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А.А. кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabai
2017-01-30 17:45:41
Кыздарда уурулук кылабы ой тообо кылдым кудай сактасын
0
Arlenchik
2017-01-30 22:09:15
Мумкун кызда куноо жоктур, бир нерседен улам келише албай подстава кылып жалаа жаап аткандыр, кыйратып иш кылып салгансып алсыз кыздан кучунорду чыгарбай жакшылап териштиргиле, мумкун арызчынын озундо айыптыр.
0
Bubu88
2017-01-31 00:06:48
Көз мн көрбөгөндөн кийин бирдеме деш кыйын. Ыйман берсин баарына
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан