Нарын облусунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Нарын облусунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 27-январь күнү Бишкек-Торугарт жолунда шектүү унаа токтотулуп, ичинен уй табылган. Айдоочуда уйга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Тактай келгенде ал уй Миң-Булак айылынын тургунуна таандык экени белгилүү болгон. Аны 43 жаштагы Д.М., 39 жаштагы Г.И. жана 36 жаштагы Ш.Ш. уурдап чыгышып, Токмоктогу мал базарга сатуу үчүн алып баратышкан.

"Жогорудагы кылмыштуу топ жалпы 25 мал уурулук фактысына шектелүүдө. Алар уурдап саткан мал Токмок шаарынын жана Ивановка айылынын тургундарынын үйлөрүнөн табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabai
2017-01-31 09:55:34
Jaman bolgongo
0
admin_portal
2017-01-31 10:26:49
Keremet008, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Kakaly
2017-01-31 16:45:12
Мамлекеттин акчасын уурдаган тапторду качан кармайт болдунар экен? Эх кыргызбайлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан