Бишкекте бейбаштыкка шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну М.Б. арыз менен кайрылган. Анда ал 30 январь күнү саат 08:30 чамасында Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “GMK” клубунун ичинен белгисиз 20-22 жаштагы кыз бейбаштык мамиле жасап, коомдук тартипти бузуп эшиктин айнегин сындырып салган.
Көрүлгөн чаралар менен Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адам катары Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Б.К. кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө тапшырылды. Азыркы убакта тергөө амалдары жүрүүдө.