Бишкекте 11-мартта саат 1:30дар чамасында шаардык патрулдук милиция кызматкерлери менен телеканалдардын биринин журналисти Темирлан Сейитбек уулу сабалды. Бул тууралуу телеканалдын кызматкери Бактияр Тукеев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык патрулдук милициясынын кызматкери тоскон "Жигули" унаасы токтобой кеткен.
"Артынан барган эки милиция кызматкерин жана алар менен бирге рейдде жүргөн кабарчы Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар ур-токмокко алышкан. Кабарчынын мээси чайкалып учурда ооруканада. Кол көтөргөн 7-8 жарандын 2өөсү түндө кармалып, калгандары качып кетишкен. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала айтылган маалымат боюнча кол салган жарандардын көпчүлүгү мас абалда болгон", - деген Б.Тукеев.
Бул факт боюнча Ленин РИИБи тергөө ишин баштаганы маалым болду.