Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 3 күндөн бери өзгөчө кырдаал. Кышы бою жааган калың карды 3 күн катары менен шамал айдап, күрткүгө айлантты. Жергиликтүү тургундар үчүн күрткү ыңгайсыздык жаратып, ички чарбалык жолдор карга толуп калган.
"Жыл сайын эле быйылкыдай калың кар түшөт, көнүп деле калганбыз. Бирок быйыл какаганга муштаган болуп бороон жүрүп, кар учуруп, ого бетер калыңдатып салды. Тазалай берип тажап деле бүттүк. Үй боюндай карды чыгарып, дарбаза, эшиктердин оозун ачыш оор. Мал-жан баса албай, короодо, үйдө корголоп отурабыз. Ишке жарамдуунун баары күнү бою кар менен алышат. Кыш ортолоп калгандан кийин жылда эле айылдын айрым жерлерине унаа бара албай калат", - деди жергиликтүү тургун Улан Мокешов.
Ак-Муздун жашоочуларынын айтымында, кардан дагы жазгы сел көбүрөөк кооптондурат. У.Мокошевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгү жаз келгенде эриген кардын суусу толо тургандай кылып канал казып берген. Бирок көп көлөмдөгү кар эрисе ал каналдар дагы жанга аралжы болбой калат.
"Мындан 3-4 жыл мурун ушундай абал жаралып, короолорду суу каптап, майда жандыктарыбыз музга тоңуп өлгөн. Үйлөр авариялык абалга келип, кырсыктын кесепетин жоюу бир топ түйшүккө салган. Быйыл да ушундай кырдаалдан коркуп турабыз", - дейт жергиликтүү эл.
Белгилей кетсек, 12-март күнү түндө Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Муз айылында жана Талды-Суу айыл аймагынын Өзгөрүш айылында катуу шамал болуп, кээ бир турак үйлөрдүн короолоруна, ички көчөлөргө кар күрткүсү толуп калган. Натыйжада жергиликтүү тургундардын көчөлөргө жана короо жайларына чыгууларына кыйынчылык жаралган.