Капар Батырканов Чүй ОИИБинин башчысы болуп дайындалды
Бүгүн Капар Батырканов Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Аны Ички иштер министри Шамиль Атаханов Чүй ОИИБинин өздүк курамына тааныштырды. Белгилей кетсек, Капар Батырканов буга чейин Бишкек шаардык ИИББин жетектеп келген.