Ысык-Ата районунда сууга агып кеткен жаранды издөө учурунда белгисиз кыздын жансыз денеси табылды

Ысык-Ата районунда сууга агып кеткен жаранды издөө учурунда азиат улутундагы белгисиз кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү саат 18:00 чамасында Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналына 1987-жылы туулган жаран балык кармаганы барып, сууга агып кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылган.

"Сууга агып кеткен адамды издөө учурунда жашы болжол менен 20 жаштагы азиат улутундагы белгисиз кыздын жансыз денеси каналдан табылган. Табылган сөөк Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан такталууда. Ал эми сууга агып кеткен 1987-жылы туулган адам табылган эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан