Ошто Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаадан 6 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылды

Ош шаарында Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаадан 6 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10-августка караган түнү саат 00:30 чамасында 49 жаштагы М.Б. аттуу тургундун Дэу Матиз унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаада таңгакталган 6 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылган.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Razzak.kg
2017-08-11 08:20:34
Молодцы!!!
0
Shekeev969798
2017-08-11 08:55:25
Razzak.kg, стукачтар саткан да менттер оздору кармаганына ишенбейм
+3
juma11anara
2017-08-11 09:37:29
Дагы эле баягы план толтурмай болуп атыптырда. Бир байкуштун машинесине өздөрү салып коюп, мынча кило менен кармалды деп атышат да.
-1
omurbek1990
2017-08-11 10:53:01
juma11anara, ойунар качан жакшы жака озгорулоор экен а.
+1
almanbetperm
2017-08-11 09:41:44
Жирный болуптурда начальниктерге
+1
Tologonismailov01
2017-08-11 11:25:08
ХХХХ сатат да мындайды,кыргыздар мындай ишке колу барбайт.
+1
admin_superstan
2017-08-11 12:44:57
Tologonismailov01, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
aijanik5
2017-08-11 12:38:47
тапса да жаман силерге
0
bakulya2015
2017-08-11 22:38:22
Каттуу чара көрүү керек башкаларга үлгүү бодгудай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан