Бүгүн, 10-августта Бишкектеги Логвиненко-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулар мушташып милиция жана "Тез жардам" кызматы чакырылды.
Күбөлөрдүн айтымында, борбордук көчөлөрдүн биринде жол талашып сүзүшүп, кубалашып келген айдоочулар мушташып кетишкен. "Кубалап келген айдоочунун бири тапанча менен коркутуп экинчисинин башына жана көзүнө урган. Ал эми качып бараткан айдоочу жаш балалуу келинди сүзүп кете жаздаган", - дешет күбөлөр.
Учурда милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөөдө. Тапанчаны издөө үчүн атайын эксперттер чакырылган.