Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташып бара жаткан унаа кулап, 5-6 тонна солярка төгүлүп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.
"Окуя 10-августта эртең мененки саат 08:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында болгон. Анда “ДАВ” күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, унаа оң капталына ооп кеткен. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган маалыматта ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерге барып солярканын нугун жолдун четине бурушуп, көзөмөлдөшкөнү айтылат.