Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы пансионатта эс алып жаткан Швейцариянын жараны кум жээкте каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында окуя бүгүн, 11-августта эртең мененки саат 08:40тар чамасында болгон.
"Күбөлөрдүн айтымында, Швейцариянын 74 жаштагы жараны эртең менен көлгө түшүп жээкке чыгып эле кулап, каза болуп калган. Ал 53 жаштагы аялы менен эс алууга келген. Аялы кыргыз, алар Швейцарияга барып келип турушкан, бирок Бишкекте жашашчу экен. Аялы күйөөсүнүн кан басымы көтөрүлүп, дары ичип жүргөнүн айткан. Алар Ысык-Көлгө келе жатып дарыларын унутуп калышкан. Каза болгон жарандын аялы күйөөсүнүн өлүмүн дарыларын ичпей калгандыгына байланыштырууда", - дейт Усубакунов.
Учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен эс алуучунун өлүмүнүн так себеби аныкталарын кошумчалады маалымат катчы.