Ысык-Ата районунда жаандан улам сел жүрүп, 2 сарайды жана электр мамыларын кооптуу абалга келтирди

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМнын алдын ала берген маалыматына ылайык, селден улам 2 сарай, 6 электр мамысы жараксыз абалга кептелген.

"Кой-Таш-Ысык-Ата курорттук жолу убактылуу жабылды. Кырсык болгон аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жөнөп кетти", - дейт ӨКМнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Talantbargy
2017-08-11 16:09:44
Быйыл менимче жай мезгили болгон жок,тынбай эле жамгыр,жамгыр,жамгыр.кудайым боодо кырсыктан сактап,аман кылсын баарыбызды.
-3
jasgul
2017-08-11 16:16:04
кой э, жайдагы 44-45 градус ысыкты каякка жонотуп ийдин. Жаан жазда коп жаады.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан