Египетте эки поезд сүзүшүп, 36 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү Александрия аймагында 2 поезд сүзүшүп, 36 адам каза болуп, 120дан ашуун киши ар кандай жаракаттарды алган. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп, жабыркагандардын бардыгы жакын жердеги ооруканаларга жеткирилген.
Ошондой эле аталган маалыматта кырсыкка учураган поезддин бири Каирден, экинчиси Порт Саид шаарынан келе жатканы, учурда кырсыктын себеби такталып жатканы айтылат.