Кара-Сууда жол кырсыгынан 20 жаштагы кыз каза болуп, 3 адам жабыркады

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 20 жаштагы кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдириди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 11-август күнү саат 14:00дөр чамасында болгон.

"Ош шаары тараптан Кара-Суу шаарын көздөй келе жаткан Хюндай Аванте үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдун ортосундагы тосмону сүзүп өтүп, жолдун карама-каршы багытына чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада жүргүнчү болуп бара жаткан 1997-жылы төрөлгөн кыз каза болуп, айдоочу менен дагы эки жүргүнчү медициналык жардам алуу үчүн Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылышты", - дейт Бечелов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
salman-dastan
2017-08-12 13:39:10
Кудай сактасын. ош карасуу жолунун кайсы жеринде болуптур жана кыз ким деген,каерлик экен?
0
dastan_nookat
2017-08-12 14:11:36
Акыркы учурда жол кырсыгы абдан коп болуп жатат кудайым сактасын
+5
Azatbek83
2017-08-12 14:20:44
Саткыла дагын водительское праваны.Орусиядан иштеп барып тапкан акчасына права сатып алып жылы эски арзан машина сатып алышып ушул иш болуп жатат.ГАИ бекинип алып акча албастан жолду карап оз ишин аткарса жакшы болмок.Байкуш секелек кыз келечекке аттанган убагында коз жумуп кетти жаны бейиштен орун алсын деп дуба кылалы ата-энесинин шоору кайрат кылыныздар.
+7
MAKALAK
2017-08-12 14:46:00
Россиядан барышып 5минге права алып келип минип атышат.5мин берсен 20минутта берет экен
+2
sarbo
2017-08-12 15:02:48
Достор келгиле баарыбыз бир добуштан колдойлучу, биздин чондор Он рулдуу машиналарды таксиден алып салышсын жана трассага чыгууга тыюу салышсын. акыркы кундордогу авариядан каза болгондорго 98-99 % себепчи болуп жатышат. Алыс жолго чыгуудан коркуп деле калдык.
-2
nurbekasr
2017-08-12 15:47:45
sarbo,Степчилердин балдарын сен багасынбы?
-2
sarbo
2017-08-12 16:03:47
nurbekasr,а сен каза болгондордун балдарын,жакындарын багып жатасынбы
+4
grace
2017-08-12 15:04:00
Кайран кыргыз элим ай...
+2
nur...nur.
2017-08-12 16:08:17
Бул жерде он рульда эмес праваны сатып алганда куноо,жолдогу знака карап конул буруп айдаш керек знака карабаса керек биздегилер газды тебет кете берет жооркерчилик жок
0
Bakyt07
2017-08-12 16:52:27
Акыркы убакта кырсык коп болуп атат себептери коп.бул унаанын рулу сол жакта экен кеп рулда эмес он жактабы сол жактабы эгерде унаанын техникалык абалы начар болсо, шашып жарышып катуу ылдамдыкта айдаса,эрежени сактабаса, алыс жолго чыккандар чарчаганда токтоп бир саат болсо да уктап албаса,ичип алып айдаса,дагы да башка толтура себептер менен кырсык болуп кетиши МУМКУН.
+1
Bakyt07
2017-08-12 16:53:39
Эгерде унаандын техникалык абалы жакшы,жарышып катуу айдабай,ичимдик ичип рулга отурбай,эрежени жакшы билген кишиге рулду арткынкы орунга коюп берсе деле айдап кете берет. Кичинекей кызга жаман болуптур Ата Энесине сабыр
+1
Abdullatif
2017-08-12 18:51:40
Окуяга кубо болдум. Кыздын уй булосуно сабыр тилейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан