УКМК өлкө аймагында теракт уюштуруу аракеттери күчөгөндүгүнө байланыштуу коомчулукту сак болууга чакырат

Сүрөттө Сирожиддин Мухтаров.УКМКнын бүгүн, 14-августта тараткан маалыматына караганда, өлкө аймагында теракт уюштуруу аракеттеринин күчөгөндүгү айтылат. Мындан улам УКМК коомчулукту сак болууга чакырып, атайын кызматтар менен укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырат.

"Эгерде кандайдыр бир шектүү адамдарды жана фактыларды байкаган болсоңуз, токтоосуз түрдө УКМК, ИИМдин нөөмөт кызматтарына же болбосо ички иштер органдарынын жакынкы бөлүмдөрүнө билдириңиз", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле УКМКнын маалыматына караганда, террордук коркунучту уюштуруучулардын координациялык борбору "Жамаат таухидва жихад" эл аралык террористтик уюму. Бул уюмдун башында 2016-жылы 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууну уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган Сирожиддин Мухтаров, ошондой эле издөөдөгү Бурханидин Жантораев, Ильяс Сабиров жана башка адамдар турат. Учурда алар Сирия жана Түркиянын аймагында жашырынып жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
shergazy9
2017-08-14 14:37:24
Эскертуу берилгени жакшы..)
Бирок эл азр саясатка салыштырып калган ,коп алдайсынар,ишенбейтго..булда саясий оюн деп кабыл алышпаса болду...)
+19
raykray
2017-08-14 14:43:37
Жапаровко, Текебаевке митингге чыкпай уй уйундо отур)))
+14
zz2013zz
2017-08-14 15:01:54
Митингке чыкпагыла деп эле айтпаймынарбы,Текебаевди камасак эл толкуп кетпесин деп ушуну ойлоп табышты окшойт да
+18
Elif2015
2017-08-14 15:05:18
zz2013zz,туура айтасын Элдин башка жака конулун буруп жатат Аша баардыгын кылды каша.Ананда митинге чыкпагыла деп чектоо коюп .
Эл силерсиз деле окатын кылып жатат бизне бийликтин деле керег жок Калайык карапайым калып учун чындыгында .
+11
Albina90a
2017-08-14 15:05:20
Аллах озу сактасын
+9
evra_kg
2017-08-14 15:17:45
Балеени жептир силерге ишенген адамдын озу жок
+13
nemo2016
2017-08-14 15:38:23
Укмк террористерденда коркунучтуу
+14
Rifle_I
2017-08-14 16:11:53
nemo2016,фейсбукта ушундай жазгандарды чайга чакырып суракка алышкан эле. УКМК суперде да тинтип отурат болуш керек.
+7
Nurmat8921
2017-08-14 15:46:08
эмне дешти дагы билбей калдым ушул УКМК га
+3
admin_superstan
2017-08-14 15:54:59
janat.kg, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
0
Rifle_I
2017-08-14 16:14:19
Карапайым мусулман кыргыздарды кыйнап , үйүн тинтип чачып канчасын камап салды экен. Террорист деген сөз АКШ Авганистанга киргенден кийин пайда болду. Чынында террорист АКШ , ар кимдин тынч жаткан мамлекетине согуш жарыялап. Ошолордон үйрөнүп биздин УКМКда мусулман кыргыздарыбызды кыйнап жатат. Антитеррордук уюмдар акча бөлөт окшойт, террорист камадык десе.
+6
jonne
2017-08-14 17:27:36
Rifle_I,туура айтасын акча учун турмодон качырып
Он кыргызбайды ит аткандай жок кылып салды
+5
moskoy
2017-08-14 21:16:42
Rifle_I,Авганистанга айланганда кана ишенесинерби.Сакалчан дамбалчандар эшек такалап жургон жок.Тымызын иш журузугон жок деп ким кепилдик берет.ИГИЛден алган акчаларын ак ниет м енен иштеп берип жатат.
-1
kg_emilbekov
2017-08-14 16:34:23
е кудай не деген кунго калдык
+1
Azat.97
2017-08-14 16:57:41
Эскертсе да жаман бизге эч нерсе жакпайт.Бир нерсе болсо эле АША деп жатып калабыз.Озубуз бир нерсени кыйратып аткансып.Бакиевке караганда АША тоочолук ойдо иштеп атат
-9
Jarookerjan
2017-08-14 19:09:22
Azat.97,анда ашаны жалынып алып кал президент болуп иштеп бер деп.Аз болсо Кыргызстанда калган бала чака,кары картандарды да иш издетип тентитсин чет олкого.
+4
SansaNePredaiJohna
2017-08-14 18:19:52
жардам бербейм.
силерге эмне кааларымды жазбай эле койоюн. адресими издеп журбогуло
+1
Medina87
2017-08-14 21:21:30
УКМК озу Узун Кулак эле го?!
Эми элге кайрылып жардам сурап калдыбы??
Ишенбейм эч кандай Терракт болбойт!!
Кудай сактасын!!!
+1
PROS
2017-08-14 21:27:23
Элдин көңүлүн башкага буруу амалы да. Дача СУга учак кулаганда көк кит чыга калды эле, Оштун мэрин шайлоодо Ысык- Көлгө куралы жок 11 террорист Кытайдан кире калды эле, дагы кайсы ШОУларда түрмөдөн качышты эле, иши кылса ушуга окшош кезектеги шоу.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан