Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзүн уланткан Текебаев 2010-жылы 13-майда эртеден кечке жыйындарда болгонун жана ага берилди делген 300 миң доллардын кандай жолдор менен өлкөгө келгенин тастыктаган бир дагы факты жок экенин билдирди.
Андан соң Өмүрбек Текебаев жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялоону соттон сурады. Бирок сот ага макул болбой "10 мүнөт эс алыңыз" деди. Текебаев мыйзамды көрсөтүп "окуп берейин, сотту улантууга укуктуу эмессиз" деп жооп берди. Андан соң сот Айбек Эрнис уулу эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн 10-августта баштаган. Бүгүн үчүнчү күн уланды.