Өмүрбек Текебаев: "Силер эмне, менин үнүмдү радио сыяктуу чоңойтуп, кичирейтип коём дейсиңерби"

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Сотто бүгүн да Текебаев жарыш сөзүн улантты.

"Айыптоо корутундусунда "2010-жылдын 1-сентябрында Москвага Текебаев менен Маматкеримов чогуу учуп барган. Андан ары Маевскийдин машинасы менен чогуу кетишкен" деп жазылыптыр. Менин учактагы ордум "64-катар" деп көрсөтүлүп турат. Жардамчым менен жан сакчым менден кийинки катарларда отурушту. Маматкеримов болсо 131-орундукта отуруптур. Бул деген Маматкеримов менен бир максатта учпаганымды далилдейт. Москвага конгондон кийин мен Мамлекеттик Думага кеттим. Маматкеримовду көргөн эмесмин. Мени ошол күндөрү Маевский менен жолугуп акча сураган деп айыптап жатасыңар. Эгерде ал факты чын болсо ким күбө болуптур. Жок дегенде телефондук сүйлөшүүмдү таап ишке тиркеп койбойсуңарбы?! 6 жылдан бери далил таба албагандан кийин, демек, бул жалган", - деди Текебаев.

Ошол учурда сот Айбек Эрнис уулу "Текебаев, акырын сүйлөңүз!" деп тыйды.

Ага Текебаев "сиз мени жарыш сөздө тыя албайсыз. Мен өз укугумду коргоп жатам. Силер эмне, менин үнүмдү радио сыяктуу чоңойтуп, кичирейтип коём дейсиңерби?! Менин сүйлөгөнүм ушундай. Кеңешме бөлмөсүнө баргыча унчукпай мени угуңуз" деп ачууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Medina87
2017-08-15 09:50:55
Ак ийилет бирок сынбайт!!
Омуке,бекем турунуз! Эл сиз менен!!!
+7
rysik79
2017-08-15 10:08:46
Текеде иш кооп. Кыздардын мойнуна ремень илген Омуке маевскийден лимон алып лимонад кылып койгон эбаак эле.тойгончо жеп олгончо карганат дегендей.
-18
Melis2014
2017-08-15 10:48:49
rysik79,сенин мойнуна да илди беле ремен билгендей жазыпсынго лимон алып лимонат кылды деп факт болсо далилдеп беибейсинби кайдагы афристин созун суйлойсунор Аша баш болуп
+11
Tailgate
2017-08-15 12:37:12
rysik79, мойнуна ремень илген окшойт ээ. Билерман экенсин сотко барып далилдеп бер. Колундан келе турган нерсени суйлосон.
+6
ukmuw-ukmuw
2017-08-15 14:48:49
rysik79,туура айтасын ууру тойгончо жеп олгончо карганат!мындай адамдар суудан да кургак чыгып кетиши мумкун!
-5
nurbekasr
2017-08-15 10:10:40
Өмүрбек Чиркешович чыдаңыз аз калды,биз сиз менен.Соттор жакында заказчигиңер менен баарыңардын күнүңөр бүтөт.Шашбагыла акмактар соттор жана сотторго буйрук бергендер.Элдин каргышы жөн жаткырбайт жети атаңарга чейин жете турган болду го.
+8
Snejana
2017-08-15 10:16:23
Чиркешович биз сиз менен
+4
Beka13
2017-08-15 10:27:19
Текебаев алга ак ийилет бирок сынбайт
+5
Azat.97
2017-08-15 10:29:35
Эмнесин колдойсунар.Жаш кыздар менен клубда жургонун унутуп калдынарбы
-9
RusMos76
2017-08-15 10:38:58
Azat.97,Сен кордун беле же шам жагып берип тургансынбы!?
+7
Melis2014
2017-08-15 10:52:17
Azat.97,сенин да тушунугун сабатын аз екен ол кыз туралу жооп бергенго ырчы кыз ал бизде деле ырчылар барго
+4
Tailgate
2017-08-15 12:38:21
Azat.97,сен клубда жаш кыздар менен журбойсунбу? Тилден жанылбай эле кой!
-2
Azamatisatoroev
2017-08-15 10:41:37
чынле ууру олгончо актанат дейт го
-1
KUBI
2017-08-15 10:48:43
Адилетуулук барбы озу кыргызстанда.
-3
Adilet_adi
2017-08-15 10:54:54
KUBI,бармын
+7
jbolotov
2017-08-15 11:07:41
Жаш кыз менен клубда жургонун интернеттен коргонбуз, ремень менен бир кызды моюнун байлап не кылып атканын тв-дан Оруссиянын НТВ сына чейин корсоткон. Булардыда монтаж десе окшошбойт озу )
-6
arno2008
2017-08-15 11:21:51
Кимиси кара,кимиси ак экенин бир кудай билет.Буларга ишенүү өтө кыйын
+6
Toktakunova22
2017-08-15 12:17:06
arno2008,туура айтасыз ушулардын
айынан мекенибиз онугуп оспой жатат.
+4
Toktakunova22
2017-08-15 12:15:53
Текебаев чыгып калса,Атамбаев
экоо кантээр экен?
0
ukmuw-ukmuw
2017-08-15 14:50:41
Toktakunova22,жаны президент елдештирет!да не болмок еле!
+1
Toktakunova22
2017-08-15 18:54:02
ukmuw-ukmuw,элдештиреби же
чабыштырабы,биздин президенттер
качан эле кудайга жага турган
Иш кылды эле?!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан