Бүгүн Канжар Кадыралиевдин соту уланат

Жабырлануучу Мирлан Жолдошов.Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канжар Кадыралиевдин иши боюнча соттук отурум уланат. Жабырлануучу Мирлан Жолдошовдун жактоочусу Азизбек Турдалиевдин айтымында, Жогорку Сот ишти Ошто кароо өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Буга чейинки соттук отурумдарда Оштогу көп күбөлөр келбей калгандыктан жабырлануучунун жактоочулары "Соттуулугу боюнча ишти Ошко жибергиле" деп арыз жазышкан. Кылмыш иш көзөмөл арыздын негизинде Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок Жогорку Сот арызды канааттандырган эмес.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Буга бир катар жарандардын Кадыралиевдин үстүнөн арызданышканы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2017-08-15 14:05:55
Мыйзам барбы Кыргызстанда?..
0
MAKALAK
2017-08-15 14:53:31
бу киши кафе иштетип атат го улан деген
0
bahbrat
2017-08-15 21:17:54
Э ушу Канжардын соту дагы эле бүтө элекпи. Ушунча чойдунарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан