Чоң Чүй каналына агып кеткен 15 жаштагы баланын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, өспүрүм курактагы бала 9-август күнү Аскер институтунун жанынан агып өткөн Чоң Чүй каналына агып кеткен. ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүрүп, 14-августта анын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.