Африканын батышындагы Сьерра-Леоне өлкөсүндө суу ташкыны 200дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, өткөн дем алыш күндөрү аталган өлкөнүн борбору Фритаун шаарында катуу жаан жаап, анын кесепетинен суу ташкыны пайда болгон. 14-август күнү 200дөн ашык адамдын жансыз денелери табылып, өлүк сактоочу жайларга жеткирилген. Дагы 600гө жакын адамдын дайынсыз болуп жатканы айтылат. Ошондой эле шаарда арыктар жок болгондуктан көптөгөн турак жайлар кыйроого учураган.