Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында бир адам каза болду

Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 12-август күнү саат 18:30 чамасында "Ак-Жол" ишканасына караштуу көмүр казган шахтада болгон.

"Көмүр казып жаткан 1980-жылы туулган Сапарбек Салямовду 600 куб метр жер кыртышы басып калган. Анын жансыз денесин төрт сааттан кийин гана чыгарышкан", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Айта кетсек, жыл башынан бери Сүлүктү шаарындагы шахталарда 9 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Askarbek15
2017-08-15 19:31:27
Аллах бейиштен орун берген болсун жердешиме
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан