Бүгүн, 15-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Түштөн кийин жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн улантты. Отурумга экс-президент Роза Отунбаева да катышууда. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Наталья Никитенко сот залына кире алышкан жок. Буга соттун конвойлорго "Журналисттер жана айыпталуучулардын жакын тууганынан башка эч кимди киргизбегиле" дегени себеп болду.
Жактоочу Чынара Жакупбекова 2010-жылдын 13-май күнү Текебаевдин "Конституциялык кеңешмеде" сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасын окуп баштаганда сот Айбек Эрнис уулу "Ишке тиешелүү жерин айтыңыз" деген эскертүү берди.
Жакупбекова: "Ишке тиешеси бар мунун, так ушул 13-майда "Текебаев Маевский менен жолугушкан" деп айыпталып жатат, ошондуктан толук окуйм", - деп улантты. Сот аны араң токтотту. Залда угуучу катары отурган Роза Отунбаева да "ишке түздөн-түз тиешеси бар" деп кыйкырды.
Жакупбекова өз укугунан пайдаланып стенограмманы "окулсун" деген өтүнүч киргизди.
Айыпталуучу тарап өтүнүчтү толугу менен колдоп, Өмүрбек Текебаев: "Соттун жүрүшүндө да сиз ушул стенограмманы угууга каршы болгонсуз. Ошол күнкү окуялардын саат мүнөтүнө чейин материалдарга тиркелиши керек", - деди.
Прокурорлор өтүнүчкө каршылыгын билдирип, сот өтүнүчтү четке какты.
"13-майда өткөн Конституциялык кеңешменин стенограммасы видеолору менен ишке тиркелген. Окуя боюнча эле баа бериңиз сүйлөнгөн сөздөрдү кайталап айтпай эле коюңуз", - деди сот.