Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө жактоочусу Канат Хасанов жумуш убактысы аяктагандыгына байланыштуу отурумду токтотууну эскертти.
Ага сот Айбек Эрнис уулу "Соттун ички эрежелерине ылайык түнкү саат 10го чейин улантабыз" деди.
Ал эми жактоочу Хасанов "Соттун имаратынын маңдайында "саат 17:30да жумуш убактысы аяктайт" деп жазылып турат. Сиз кайсы эмгек кодекстерине таянып түнү бою өткөрөм деп жатасыз. Мына бул залда катчыңыз, прокурорлор, журналисттер, конвойлор отурат. Алардын укугу бузулуп жатат. Кайсы мыйзамда түнкү маалда жумуш уланат деп турат" деди.
Мындан улам сот менен жактоочулардын ортосунда талаш тартыш орун алып, сот Эрнис уулу "уф-ф чарчатып жибердиңер" деп кыска тыныгуу жарыялап залдан чыгып кетти.