Буга чейин интернетке Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдынан жол эрежесин бузуп, жарышып өткөн унаалардын видеосу тараган. Видеодон айрым унаалардын жолдун карама-каршы тилкеси менен баратканын көрүүгө болот.
Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, окуя 7-август күнү болгон.
"Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдынан жол эрежесин бузган кортеж өтөр замат эле Патрулдук милиция кызматкерлери артынан кубалап барып токтотушкан. Кармалган 6 унаанын ээлерине административдик кодекстин 249-беренеси (автобейбаштык) менен протоколдор түзүлүп 3 миңден 5 миңге чейин айып пул салынган жана Мерседес Гелендваген үлгүсүндөгү унаалары айып аянтчасына токтотулган", - деди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова.