Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгы 15-август күнү саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош жолунун 200-чакырымында болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, мазут жол жээгине жана Суусамыр суусуна төгүлгөн.
"ӨКМнын Жайыл райондук бөлүмү тарабынан Суусамыр айыл өкмөтүнө билдирилип, Суусамыр суусунун жээгинде жайгашкан калкка билдирүүнү жана эскертүүнү сунушташкан. Унаада 2 адам болгон, 1 адам жабыркап Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилген", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.