Бишкекте Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаалардын кагылышуусу 16-августка караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Мында Хонда үлгүсүндөгү унаа менен Ланд Крузер үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Кырсыкка кабылган Хонда унаасынын ичинен чыга албай калган 1993-жылы туулган жаранды чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Башка жабыркагандар жок.