Ысык-Көл ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирлан Аким уулунун айтымында, ушул жылдын 1-июнунан 14-августка чейин облус аймагында 147 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 кырсыкка көп.
"Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна көп учурда жол-кыймыл эрежелерин сактабоо, ылдамдыкты жогорулатуу жана рулда уктап калуу себеп болууда. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында ар бир айылга Патрулдук милиция кызматкерлери коюлган. Айдоочулар алардын жанынан акырын айдашат да, андан ары өткөн соң ылдамдыгын жогорулатышат", - дейт Мирлан Аким уулу.
Айта кетсек, 1-июндан 14-августка чейин Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктарынан 38 киши каза болгон. Былтыр ушул мезгилде 24 киши каза болгон болчу.