Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө: "7-апрелде Төлөгөнов менен сүйлөшүп койгонум үчүн күбө катары суракка чакырылдым"

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө Батырбек Жусупов күбө катары суралды.

"Мен 2007-жылы "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болуп катталгам. Төлөгөновду партиянын мүчөсү катары сыртынан тааныйм. Бирок тууганчылык жайым жок. 2010-жылы 7-апрелде Төлөгөновдун телефонуна чалуу болуптур деп күбө катары суралып калдым. Ал күнү митингге катышып көзүмө желим ок тийип көзүм агып түшүп калды. Кийин дарыланып жатканда аялым жардам сурап Төлөгөновго чалыптыр, бирок сүйлөшүү болгон эмес", - деп билдирди күбө Батырбек Жусупов.

Төлөгөновдун "мен сизди тааныбайм. Сиз партиянын мүчөлөрүнөн кимди тааныйсыз?" деген суроосуна күбө Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерди тааныйм деп жооп берди.

"Текебаев менен Болот Шерди бүт өлкө тааныйт. Башка мүчөлөрдү айта албай жатасыз. Сиз биздин партиянын каттоо кылган дарегин да айта алган жоксуз", - деди Төлөгөнов.

Ал эми экинчи күбө Кубаныч Абдыкадыров "менин эске тутуум начар. Кайсы күнү, кайсы жылы сурак бергенимди да билбейм" деди.

Соттук отурум эки күбөдөн башка суралуучу жок болгондуктан отурумду эртең, 17-августка жылдырылды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан