Индияда суу каптоодон 9 миллиондон ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Индиянын Бихар штатында 3 күн бою жааган жаандан улам суу каптоо болгон. Жыйынтыгында Патна шаарынын түндүк чыгыш аймагынын көптөгөн жерлери суу алдында калган. Суу 12 районду каптаган. Куткаруучулар миңдеген жергиликтүү адамдарды коопсуз жайга көчүрүшкөн. 90дон ашуун адам каза болгон.
Жергиликтүү бийлик атайын лагер түзүп жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн. Атайын эки тик учак тартылып, азык-түлүк жеткиришүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 6 миң доллардан кенемте төлөп берүүнү убада кылды.