Бишкекте 22 жаштагы кыз эркек кишини таш менен жанчып өлтүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кечээ, 17-августта күндүз саат 16:00 чамасында Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде денеси кан болгон кишинин жерде жатканы боюнча милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, кан болуп жаткан адамдын жанында кыз бар экени белгилүү болгон.
Маалыматта кансыраган кишинин жанында колдору кан болгон кыз жана анын жанында канга боёлгон таш табылган. Жабырлануучуну куткаруу аракети натыйжасыз болуп ооруканага жетпей жолдо жан бергени айтылат. Бул боюнча Свердлов райондук ички ишкер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү 22 жаштагы кыз камакка алынды.