Орусиянын Сургут шаарында белгисиз адам жолдо бараткандарга бычак менен кол салып, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, белгисиз адам шаардын борбордук көчөсүндө жолдон өтүп бараткандарга кол салган. "Натыйжада 8 адам жабыркаган. Денесинин ар кайсы жеринен жаракат алгандар бейтапканага жаткырылышты. Күч кызматкерлери кол салган адамга карата курал колдонуп, атып өлтүрүүгө мажбур болушту. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Жабыркагандардын арасында 4 адамдын абалы оор болуп операцияга киргизилди", - деп жазышат басылмалар.